Церемония Семиз-Бел айылындагы «Ормон-Хан» этнокомплексинде Ормон-Хан Ниязбек уулунун эстелигинин жанында өттү.
Желек кабыл алынган күндүн юбилейине арналган куттуктоо сөзү менен Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары Талгат Исаев чыгып сүйлөдү.
Анын сөзүнөн кийин мамлекеттик желек көтөрүлүп, иш-чаранын катышуучулары, анын ичинде мекемелердин жетекчилери жана айыл өкмөтүнүн башчылары, ушул символго урмат көрсөтүштү.
- Мамлекеттик желек Жогорку Кенеш тарабынан 1992-жылдын 3-мартында бекитилген жана ошол эле жылдын 5-мартында өкмөт үйүнүн үстүнө биринчи жолу көтөрүлгөн.
- Желекке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси 2023-жылдын 20-декабрында көтөрүлгөн, ал эми 2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров желектеги күндүн нурларынын толкундуу формасын түз формага өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койгон.