
Бишкек шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы мэрияга таандык транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөөрү тууралуу жарыялады. Пресс-кызматтын маалыматы боюнча, аукцион 13-мартта, саат 10:00дө, Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246 дарегинде өтөт жана 77 лотту камтыйт.
Аукционго катышуу үчүн потенциалдуу сатып алуучулар лот номерин көрсөтүп, жазуу түрүндө арыз бериши керек, ошондой эле жеке жактыгын тастыктаган документтерди жана кепилдик жарнасынын (баштапкы баанын 10%ын түзөт) төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документтерин сунуштоосу зарыл. Арыздар 2026-жылдын 9-мартына чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылсаңыз болот: Чокморов көчөсү, 246 же телефон аркылуу: 0312 979 195 (4220).