Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги 100% «Балыкчы эт комбинаты» ЖЧКсынын акциясына катышуу үчүн электрондук аукционго арыздарды кабыл алуунун башталганын маалымдады.
Объекттин сүрөттөлүшү
Эт комбинаты Балыкчы шаарында, Абдрахманов көчөсүндө, 269-үйдө жайгашкан жана 10,7 гектар жерди ээлейт. Өнөр жай жана сактоо жайларынын жалпы аянты 30 287,76 квадрат метрди түзөт.
Кпредприятиенин аймагында заманбап эстакадалар менен жабдылган өзүнүн темир жол подъезди бар, бул жүктөө- түшүрүү иштерин натыйжалуу уюштурууга жана логистиканы оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Заводдун айланасында өндүрүш зоналары жана жеке үйлөр жайгашкан. Ал ЭМ-07 унаа жолунан 150 метр алыстыкта, бул коомдук жана жеке транспорт менен жүк ташуу үчүн мыкты шарттарды камсыздайт.
Аукциондун баасы жана шарттары тууралуу маалымат
- 100% акциянын баштапкы баасы 631 245 800 сом
- Кепилдик салым: 63 124 580 сом (баштапкы баанын 10%)
- Аукциондун кадамы: 1 262 492 сом
- Аукцион электрондук соода платформасында өтөт — http://auctionetp.gov.kg
- Арыздарды кабыл алуунун башталышы: 2025-жылдын 3-декабры, 10:00
- Арыздарды кабыл алуунун аякташы: 2025-жылдын 9-декабры, 10:00
- Аукциондун башталышы: 2025-жылдын 9-декабры, 15:40
Катышуу үчүн талап кылынат:
- http://auctionetp.gov.kg сайтында катталуу;
- Электрондук арызды толтуруп, керектүү документтерди тиркөө;
- Баштапкы баанын 10%ын түзгөн кепилдик салымды көрсөтүлгөн код боюнча төлөө.
Жеке адамдар үчүн:
- Электрондук арыз;
- Жеке жакты тастыктаган документ же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ыйгарым;
- Кепилдик салымдын төлөнгөнү тууралуу квитанция.
- Электрондук арыз;
- Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ыйгарым;
- Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн негиздөөчү документтердин көчүрмөлөрү;
- Каттоо боюнча электрондук сертификат;
- Кепилдик салымдын төлөнгөнү тууралуу документ.
Кошумча маалыматты http://auctionetp.gov.kg электрондук соода платформасынан табууга болот.
Кошумча маалымат алуу үчүн: +996 (312) 61 49 59, (0557) 81 01 82. ```