Курулуш иштеринин каржылоосу республикалык бюджеттен жүргүзүлөт
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан Сын-Таш айылында спорт залдын курулушу аяктоого жакын. КРнын Министрлер Кабинетинин маалыматына ылайык, жаңы объект жылдын аягына чейин ачылат деп пландалууда.
Бул иштердин жалпы наркы 64 миллион сомду түзөт, республикалык бюджеттен каржыланат.
Спорт залы 620 квадрат метр аянтты ээлеп, заманбап талаптарга жооп берет.
Курулуш жана монтаждоо иштерин ОсОО «Проф-Альянс» компаниясы Жилищно-граждандык курулуш департаментинин көзөмөлү астында жүргүзүүдө. Курулуш аяктагандан кийин залда мектеп окуучулары үчүн спорт менен машыгууга бардык зарыл шарттар түзүлөт.
Министрлер Кабинетинин сүрөтү
