
2025-жылдын 8-декабрынан тартып, жеке мектептерге билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн лицензия алуу үчүн талап кылынган бардык документтер жана арыздар автоматташтырылган Лицензиялоо системасы аркылуу гана кабыл алынат, бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Кагаз түрүндөгү документтерди кабыл алуу 5-декабрда саат 18:00дө токтойт.
Арыздарды электрондук форматта берүү процессин жөнөкөйлөтүү жана анын ачыктыгына жогорулатуу максатын көздөйт. Бул жаңы тартип өкмөттүн акселераторлору тарабынан башталган цифралдык трансформация программасынын алкагында ишке ашырылууда.
Жеке билим берүү мекемелери эми бул шилтеме аркылуу онлайн режиминде арыздарын бере алышат.