Биринчи чакырык жеке мектептерди лицензиялоону жеңилдетүүгө багытталган, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында.
Реформа алкагында төмөнкү кадамдар жасалды:
- онлайн-лицензиялоону киргизүү;
- санитардык нормаларды сактоо шартында имараттарды кайра профилдештирүү талабын жоюу;
- санитардык жана өрт боюнча корутундуларды алуу мөөнөтүн шаарларда 30 күндөн 3 күнгө, аймактарда 7 күнгө кыскартуу;
- артыкча текшерүүлөрдү жана административдик процедураларды жоюу;
- документтерди автоматташтырылган система аркылуу берүү, лицензиялоо процессин онлайн форматка толук өткөрүү.
Натыйжада, лицензиялоо процесси 3-4 айдан 20 күнгө кыскарды.
Экинчи чакырык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырууну жеңилдетүүгө арналган.
Мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процесси санариптик форматка өткөрүлүп, документтерди кагаз түрүндө берүү зарылдыгы жоюлду. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн «Кызмат», «Түндүк» жана «Кыргыз почтасы» уюмдары менен биргеликте төмөнкү чаралар көрүлдү:
- айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн арыздарды берүү боюнча онлайн-сервис түзүү;
- QR-код жана банктык тиркемелер аркылуу кызматтарды онлайн төлөө опциясын киргизүү;
- арызды берүү убактысын 1,5 сааттан (УНАА филиалдарын аралап) 10 мүнөткө (үйдөн чыкпай) кыскартуу;
- дайын күбөлүктү алуу үчүн күтүүнүн убактысын 4 күндөн 1-2 күнгө кыскартуу, «Кыргызпочтасы» ААК аркылуу үйгө жеткирүү мүмкүнчүлүгү менен.
Реформа ишке ашырылган соң, жарандар «Тундук» тиркемеси аркылуу онлайн форматта айдоочулук күбөлүктөрүн жаңырта алышат, даяр документ үйгө жеткирилет, бул процедураны абдан жеңилдетип, административдик этаптардын санын азайтты.
Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев бул өзгөрүүлөр бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын биргелешип иштөөсүнүн натыйжасында мүмкүн болгондугун белгилеп, реформаны ишке ашырууга катышкан бардык адамдарга ыраазычылык билдирди.