Эми теориялык окутуу 80 сааттын ордуна 384 саатты алат. Ошондой эле теориялык экзамен үчүн суроолордун саны 750дөн 2000ден ашыкка көбөйөт, бул жаңы программа менен байланыштуу.
«Келечекте 3000 суроо болот. Практикалык экзамен кыйын аба ырайында — тайгакта, жамгырда жана кечки убакта өтүшү керек. Ошондон кийин гана курсанттар укуктарын ала алышат. Окутуу программасы 10 күндүн ичинде сунушталат, ал эми акыркы вариантты 20-ноябрга чейин сунуштоону пландап жатабыз», - деди Туманбаев.
Ал ошондой эле экзамендерде экзаменаторлордун болбой турганын кошумчалады. «Кызматкерлер техникалык паспорт жана номерлерди берүү менен гана алектенишет, же болбосо аларды почта аркылуу жиберишет», - деп тактады чиновник.
ММК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, Туманбаев мурда айдоочулук укуктары барларга кайрадан окутуудан өтүүгө туура келбейт экенин белгиледи. Бирок жаңы айдоочулар, анын ичинде чоңдор үчүн окутуу процесси 14 айды алат.Эскерте кетсек, мурда президент Садыр Жапаров 14 айлык окутуу 11-12-класстагы окуучуларга гана тиешелүү экенин, ал эми калган адамдар үчүн окутуу мөөнөтү кыска болорун айткан.