
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык буюмдарды бөлүштүрүү менен алектенген ишкерлерге билдирет, акыркы убакта аталган ишмердүүлүккө байланыштуу жаңы мыйзамдык талаптар күчүнө киргенин. Бул өзгөртүүлөр оптика дүкөндөрүн жана угуу аппараттарын даярдоочу борборлорду да камтыйт.
2023-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 678 номерлүү "Айрым түрдөгү ишмердүүлүктү лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык, медициналык буюмдарды бөлүштүрүү лицензиялануучу ишмердүүлүккө кирет (лицензиялоо боюнча 25-бөлүмдүн 175-пункту).
Лицензия талап кылынган медициналык буюмдарга көз айнектер, контакт линзалар, угуу аппараттары жана Кыргыз Республикасында медициналык катары катталган башка буюмдар кирет.
Медициналык буюмдарды бөлүштүрүү үчүн лицензияларды Саламаттык сактоо министрлиги берет. Тийиштүү лицензиясыз медициналык буюмдарды сатуу мыйзамды бузуу болуп эсептелет жана административдик жоопкерчиликке алып келет.
Ошондуктан, министрлик ишкерлерге 678 номерлүү токтомдун жоболору менен таанышып, айрым түрдөгү ишмердүүлүктү лицензиялоо боюнча жобого кайрылып, керектүү документтерди даярдоо жана арыз берүү боюнча жардам алуу үчүн Лицензиялоо бөлүмүнө кайрылууну сунуштайт.
Ведомстводо лицензияны убагында алуу компанияларга мыйзамдын чегинде иштөөгө, айып пулдардан качууга жана туруктуу ишмердүүлүктү камсыз кылууга жардам берерин баса белгилешет.
Консультациялар үчүн байланыштуу адам:
Аман Осмонов, Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы
+996 553 301 271
WhatsApp: +996 773 009 099