Сунушталган документте 2026-жылдан 2029-жылга чейин алкоголь ичимдиктерине акциз салыгын этап-этабы менен жогорулатуу, ошондой эле балдарга арналган, кант камтыган ичимдиктер үчүн акцизден жана маркалоодон бошотууну жоюу каралган.
- Спирт, арак, ликер жана күчтүү ичимдиктер үчүн акциз 2025-жылы литрине 160 сомдон 2026-жылы 200 сомго чейин жогорулап, жыл сайын 20 сомго жогорулап, 2029-жылы 260 сомго жетет.
- Вино үчүн акциз 2025-жылы литрине 20 сомдон 2026-жылы 25 сомго чейин жогорулап, жыл сайын 5 сомго жогорулап, 2029-жылы 40 сомго жетет.
- Игристий винолор жана шампан үчүн акциз литрине 45 сомдон 2029-жылы 70 сомго чейин жогорулайт.
- Коньяк 2025-жылы 100 сомдон 2026-жылы 140 сомго чейин кымбаттап, жыл сайын 200 сомго чейин жогорулайт.
- Пиво үчүн акциз 2025-жылы литрине 17 сомдон 2028-жылы 30 сомго чейин жогорулайт.
Министрликте акциздерди жогорулатуунун максаты зыяндуу ичимдиктердин керектелишин азайтуу, Кыргызстандагы салык саясатын эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү жана мамлекеттик бюджеттин кирешелерин жогорулатуу экенин белгилешет.
Токтомдун долбоорун коомдук талкуулоо үчүн Нормативдик укуктук актылар долбоорлорунун Бирдиктүү порталынан табууга болот.