
Кыргызстанда ушул жылдын биринчи алты айында виртуалдык активдердин айланымы 860 миллиард сомду түздү. Бул маалыматты өлкөнүн президентинин алдындагы Виртуалдык активдер жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин секретариатынын жетекчиси Фархат Иминов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө республикада виртуалдык активдер тармагында 200гө жакын лицензияланган катышуучулар иштеп жатат.
Иминов акыркы үч жылда криптовалюта операторлорунун рыногу 28 эсе өскөнүн белгиледи. Ошондой эле соода жана майнинг көлөмүнүн жогорулашы байкалууда. Эгер 2022-жылы виртуалдык активдердин көлөмү болгону 5 миллиард сом болсо, 2024-жылы ал 587 миллиард сомго жетти», - деп кошумчалады ал.