Кайда кетет акча?

Коррупция менен күрөшүүдөн 150 миллион сом келип түштү
Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөшүүгө карата каражаттарды которуу үчүн бирдиктүү депозиттик эсепке 148 миллион сом келип түштү.
Эскертсек, аптанын башында Генералдык прокуратура эсепке 39 миллион сом которгон. ГКНБдан биринчи кезекте 95,9 миллион сом, андан кийин дагы 13,3 миллион сом келип түштү. Ошентип, коррупция менен күрөшүүдөн ГКНБ 109,2 миллион сом которду.
«Мындай эсептин ачылышынын өзү жакшы идея. Бул туура. Ресурстарды конфискациялаганда, ошол акчалардын кайда кетип жатканы түшүнүксүз болчу. Бирок эсеп коомчулукка жана журналисттерге ачык болушу керек, акчалар кимден келип жатканы, кайсы кылмыш ишине байланыштуу жана мүмкүн, кандай бизнес субъекттеринен келип жатканы так болушу керек. Мамлекеттик органдар санды кууп, бизнести коркутуп алышын каалабайм», — деп комментарий берди рыноктор, соода жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын жетекчиси Сергей Пономарев.