
Иш-чарада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты, ал Нарын облусунда иш сапарында болду. Ал долбоордун негизги максаты жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү экенин белгиледи.
УКМКнын сүрөтү. Нарын шаарында реконструкциядан кийин жаңыланган автобекет ачылды
«Мындай автобекет башка региондордо жок. Аны өз назначениесинде колдонуу жана түзүлгөн инфраструктурага кам көрүү маанилүү», — деди Камчыбек Ташиев.
Автобекеттин реконструкциясы президенттин иш башкармалыгынын көзөмөлүндө жүргүзүлдү, ал эми 53 миллион сомдук каржылоо стабилизациялык фонддон алынды.
Жаңыланган имаратта жылытуу жана кондиционерлөө системалары орнотулду, жүргүнчүлөр үчүн заманбап күтүү зоналары түзүлдү, ал эми экинчи кабатта башка региондордон келген айдоочулар үчүн эс алуу бөлмөлөрү жабдылды.