
Кыргызстан Муфтиятында зыяратка чыгып жаткан жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар талкууланууда.
Жыйынга ар кандай мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, анын ичинде Коопсуздук кеңешинин катчылыгы, Сырткы иштер министрлиги, Дин жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, ошондой эле Мамлекеттик жарандык авиация кызматынын, авиакомпаниялардын жана туристтик агенттиктердин кызматкерлери катышты.
Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө Сауд Аравиясына чыгып кеткендердин коопсуздугу жана умра үчүн чыккан зыяратчылардын кайтып келүүсү боюнча маселелер каралды.
Муфтияттын маалыматы боюнча, учурда «Жазира», «Флайнас», «Эйр Арабия» жана башка авиакомпаниялардын токтотулган рейстерин кайра жандандыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.