
Кыргызстандын борбору Бишкекте 12-мартта 09:00дөн 18:00гө чейин бир катар райондордо ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Суу өчүрүү Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү менен чектелген аймакка, ошондой эле темир жолдун жээгиндеги участкаларга тиешелүү. Атап айтканда, «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач» жана Полицейский шаарчасы суу өчүрүүгө кирет.
Суу өчүрүүнүн себеби «Контррезервуары» суу алуу жайында жана шаардык суу камсыздоо системаларында пландалган оңдоо иштеринин жүргүзүлүшү.
