
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде «Бала ырысы» пособосун киргизүү үчүн механизмдерди жана көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу максатында оперативдик топ түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Биринчи радиого берген интервьюсунда билдирди.
Ал бул пособо туулганынан үч жашка чейинки бардык балдар үчүн жеткиликтүү болорун белгиледи. Алдын ала баалоолор боюнча, болжол менен 450 миң бала аталган программага катышат.
Эскерте кетсек, мурда президент Садыр Жапаров «Бала ырысы» жаңы мамлекеттик пособосун киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Анын өлчөмү үч жашка толгондорго чейин ар бир бала үчүн айына 1200 сомду түзөт, төлөмдөр үй-бүлөнүн кирешесинин деңгээлинен көз карандысыз жүргүзүлөт.