
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинде «Бала ырысы» пособиясын ишке киргизүү үчүн механизмдерди жана нускамаларды иштеп чыгуу максатында оперативдик жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Биринчи радиодо эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов билдирди.
Ал белгилегендей, аталган пособие төрөлгөндөн үч жашка чейин бардык балдар үчүн жеткиликтүү болот. Алдын ала баалоо боюнча, болжол менен 450 миң бала бул төлөмдөрдү ала алышат.
Эскерте кетсек, мурун президент Садыр Жапаров жаңы мамлекеттик «Бала ырысы» пособиясын ишке киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон, анын өлчөмү 1200 сомду түзөт жана үч жашка чейинки ар бир бала үчүн ай сайын төлөнөт, үй-бүлөнүн кирешесине карабастан.