
Бишкек-Ош автожолуна түшкөн кар көчкү 11:30да ийгиликтүү тазаланып, унаалар үчүн кыймыл эки тарапта кайрадан ачылды.
Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, учурда «Арал» көзөмөл постунда жүк унааларынын кыймылына чектөө киргизилген.
Маалыматтарга ылайык, 11-мартта 6:50дө Бишкек-Ош трассасынын 224-к километри, Ала-Бель ашуусунун аймагында кар көчкү түшүп, бардык түрдөгү транспорт үчүн кыймылды убактылуу токтотууга алып келди.
Окуя болгон жерде жол эксплуатациялоо ишканасынын №23 кызматкерлери атайын техникаларды колдонуп, тез арада тазалоо иштерин жүргүзүштү.