
Кыргызстандын борборунда массалык тамактан уулануу болуп өттү, бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл департаменти маалымдады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 13 адам медициналык жардамга кайрылган, алардын 11и ооруканага жаткырылган, калган 2 бейтап амбулатордук дарыланууну алышкан. Учурда жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Текшерүү учурунда бардык ооругандар «Буффет» тамактануучу жайында тамактанганы аныкталган. Санитардык кызматтын адистери пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, тамактын үлгүлөрүн анализге жөнөтүштү.
«Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча протокол түзүлүп, тамактануучу жайга 23 000 сом өлчөмүндө айыппул салынды. Анын иши 2023-жылдын 11-мартынан тартып убактылуу токтотулду. Эпидемиологиялык иликтөө уланууда», — деп айтылат расмий билдирүүдө.