

Ош шаарындагы дарыканалардын биринде, Мамлекеттик салык кызматы тарабынан өткөрүлгөн рейд учурунда мыйзамсыз дары-дармектер табылды. Бул тууралуу КРнын Салык кызматынын маалымат кызматы билдирет.
«Аптека Кейджи» ЖЧКсында жүргүзүлгөн текшерүү учурунда, Саламаттык сактоо министрлигинде катталбаган, мыйзамсыз түрдө 269 989 сомдук дары-дармектер табылды.
Мындан тышкары, аталган дарыкана дары-дармектерди сактоо жана сатуу үчүн зарыл болгон уруксат документтерсиз иштеп жаткандыгы аныкталды.
Ошондой эле, Салык кызматы салык мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктады: товарлар электрондук эсеп-фактураларда көрсөтүлбөй сатылган, айрым жалданма кызматкерлер боюнча салык отчеттуулугу берилген эмес, ал эми ККМ бузулуп иштеп жаткан.
Жеринде тиешелүү документтер түзүлдү. Кийинчерээк күчүндө болгон мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.