
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кубанычбек Капаловдун өлүмү анын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштуу эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасына караштуу Суддук аткаруучулардын кызматы маалымдады.
Капаловдун денеси ок атуучу жаракат менен Байтик айылындагы унаадан табылган. Окуя тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, учурда бардык жагдайларды аныктоо үчүн тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле кызматтык териштирүү башталды.
Суддук аткаруучулардын кызматы коомчулукту жана журналисттерди тергөөдүн расмий жыйынтыктарын күтүүгө жана эрте жыйынтык чыгаруудан алыс болууга чакырат.
Эскерте кетсек, Кубанычбек Капалов мурда аталган кызматтын Башкы прокуратурадагы орун басары болуп иштеген.
Ошондой эле Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгы Бишкекте бир эркектин унаада өз жанын кыйганы тууралуу мурда маалымдаган. Кээ бир маалымат булактары боюнча, бул эркек Кубанычбек Капалов болушу мүмкүн.