Чүй облусунун тургундары Кант—Новопокровка—Бишкек унаа жолунун оңдолушунун мөөнөттөрүнө байланыштуу тынчсызданышууда

Евгения Комарова Жергиликтүү жаңылыктар / Өзгөчө
VK X OK WhatsApp Telegram
Жергиликтүү тургундар Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Кант—Новопокровка—Бишкек жолунда асфальт төшөө быйыл аяктайбы деген суроо менен кызыгышууда.

Turmush агенттигинин кабарчысы менен сүйлөшкөн жарандардын айтымында, мурун аларга жолдун бүтүшү 2026-жылга чейин аяктайт деп билдиришкен. Бирок, быйыл асфальт төшөлбөй турганы белгилүү болду. «Бул маалымат канчалык чын?» — деп сурашууда тургундар.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы бул маселе боюнча жагдайды тактоону пландаштырууда.

VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: