
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы «Кырчын» туристтик базасын мамлекеттик менчикке кайтарганын тастыктады. Ысык-Көл облусунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүү учурунда, 1997-жылы бул базанын Кырчын капчыгайында жайгашкан мүлк комплекси мыйзамды бузуу менен жеке адамдарга өткөрүлгөнү аныкталды.
Прокурордук аракеттердин натыйжасында, 501,0 миллион сомдук бааланган туристтик базанын мүлк комплекси жана 11 гектар жер участогу мамлекеттин карамагына кайтарылды.