
«Элден Собол» программасында айтылган маалыматка ылайык, 2026-жылдын башынан бери 1800дөн ашык үй-бүлө мамлекеттин колдоосу менен өз бизнесин баштоого кызыктар экенин билдиришти. Бул маалыматты КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жумуш менен камсыздоо боюнча башкармалыгынын жетекчи адиси Жалын Токтосунов берди.
Учурда министрлик 607 үй-бүлө менен социалдык контракт түздү, ал эми калган арыздар атайын комиссиялар тарабынан каралууда.
Ведомство 2026-жылдын аягына чейин 13 333 үй-бүлөнү программа менен камтууну пландаштырууда.
Мындан тышкары, кайтарымсыз жардамдын саны көбөйтүлдү. Жалын Токтосунов белгилегендей, долбоордун башында катышуучуларга 100 миң сом берилген, бирок 2025-жылдан баштап бул сумма кайра каралган.
«Инфляция деңгелин эске алып жана чакан бизнестин ийгиликтүү башталышы үчүн, төлөмдүн өлчөмү 150 миң сомго чейин көбөйтүлдү», - деп кошумчалады адис.