Бул тууралуу Ош облусундагы президенттин өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара бүгүн, 19-мартта, Ош шаарындагы борбордук аянтта 21-мартка карата өткөрүлүүчү майрамдык иш-чараларга даярдык алкагында өттү. Максат — жеке курамдын милдеттерин аткарууга даярдыгын текшерүү.
Иш-чарага өкүл Аманкан Кенжебаев, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Нурланбек Бурканов, ошондой эле башка күч структураларынын жетекчилери жана жеке курам катышты.
Гарнизондук развод учурунда кызматкерлерге коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жолдордо коопсуздукту камсыздоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Облус башчысы Нооруз майрамын өткөрүү учурунда милиция кызматкерлеринин ар кандай райондордо күчөтүлгөн режимде иштээрин белгилеп, жарандарды мыйзамдарды сактоого чакырды.
- Ош облусунда Нооруздун урматына коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн 1000ден ашык кызматкер кызмат өтөйт.