Иш-чарага Манас шаарынын мэри, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, ошондой эле коммуналдык ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Торжестволук жыйындын учурунда мэр кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, коммуналдык кызматтардагы эмгектин чоң күч-аракетти талап кыларын белгиледи. Ал баарына ден соолук жана үй-бүлөдө бактылуулук каалады.
Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө өз ишинде мыкты натыйжаларды көрсөткөн кызматкерлер белгиленди. Алар Манас шаарынын мэриясынан ардак грамоталар жана ыраазычылык каттарын алышты. Ошондой эле, алар үчүн кинотеатрга билеттер даярдалды.
- Ар жылы марттын үчүнчү жекшембисинде Кыргызстанда турак-жай-коммуналдык кызматкерлердин күнү белгиленет.