
Нооруз майрамынын 21-мартта өтүшү менен байланыштуу, Кыргызстандын Улуттук электр тармагы (НЭСК) акционердик коомунун бардык бөлүмдөрү калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо үчүн адаттагыдай режимде иштеп жатат.
Энергетика министрлиги майрам күнү райондордун электр тармактарында дежурдук бригадалар түзүлгөнүн, алардын курамына филиалдардын жетекчилери киргенин билдирди.
Мүмкүн болгон өчүрүүлөргө тез арада жооп берүү үчүн атайын техника жана дежурдук унаалар даярдалган, ошондой эле бардык бригадалар авариялык кырдаалдарды жоюу үчүн зарыл жабдыктар менен камсыздалган.