Жаман аба ырайынын алдын ала болжолдонушуна жана өлкөнүн бардык аймагында штормдук эскертүүнүн жарыялануусуна байланыштуу энергетикалык компаниялар өз объектилеринин иштешин көзөмөлдөөнү активдештирүүдө. Мүмкүн болгон авариялык кырдаалдарга даярдык көрүү максатында авариялык-ремонттук иштер үчүн запастардын түзүлүшү жана оперативдик жооп берүү схемалары иштелип чыккан. Ремонттук бригадалар, транспорт каражаттары жана атайын техника жогору даярдык абалына өткөрүлүп, учурдагы кырдаалды туруктуу мониторинг жүргүзүү уюштурулган. Кыргызстандын энергетика министрлиги тиешелүү кызматтар үчүн сутка бою кезектешүү графиктерин бекитти.
Температуранын төмөндөшү электр энергиясына болгон талапты жогорулатат, бул электр тармак жабдыктарына жүк түшүрүүгө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан энергетиктер керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, бир нече күчтүү электр приборлорун бир эле учурда күйгүзүүдөн качууга сунушташат.
Эгерде сизде электр энергиясын камсыз кылуу боюнча суроолор болсо, төмөнкү номерлер боюнча биздин сутка бою иштеген колл-борборго кайрылсаңыз болот: 105, ошондой эле операторлордун мобилдик номерлери: 0772 001209, 0556 001209 жана WhatsApp аркылуу: 0702 001209.
Төмөндө электр энергиясын камсыз кылуу боюнча суроолор менен кайрылуу үчүн аймактар боюнча электр тармактарынын байланыш номерлери көрсөтүлгөн:
- Бишкек электр тармактары — (0312) 53-00-84;
- Чүй электр тармактары — +996 (312) 33-85-03;
- Баткен электр тармактары — +996 (03622) 5-06-28;
- Ош электр тармактары — +996 (3222) 5-50-38;
- Жалал-Абад электр тармактары — +996 (3722) 5-13-50;
- Иссык-Куль электр тармактары — +996 (3922) 4-24-53;
- Нарын электр тармактары — +996 (3522) 5-12-73;
- Талас электр тармактары — +996 (3422) 5-36-05.