
Бишкекте, 2026-жылдын 22-мартында, күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилет.
Шаардык мэрия тарабынан берилген маалыматка ылайык, реконструкциядан мурун көпүрөнүн туурасы болгону 9 метрди түзүп, бул автотранспорттун кыймылын кыйла кыйындаткан. Жаңыланган соң көпүрө 34,3 метр туурасына жана 25 метр узундугуна чейин кеңейтилип, заманбап стандарттарга жооп берет.
Проектти ишке ашыруу учурунда көпүрөнүн толук реконструкциясы жүргүзүлүп, кыймыл үчүн жол тилкелери көбөйтүлдү, ошондой эле жөө адамдар үчүн ыңгайлуу тротуарлар пайда болду.