Бардык ири иш-чараларга өлкөдө жабдууларды бир мамлекеттик ишкана камсыздайт, техника бир колдо болушу керек, - Маданият министри.
Бүгүнкү күндө республикалык иш-чаралардын көбү «Кыргыз Маданият Сервис» мамлекеттик ишканасына таандык техникалар менен камсыздалууда. Мурда жеке адамдардан жабдууларды ижарага алуу бюджетке абдан кымбатка түшчү. Бул тууралуу Маданият министрлиги башчысы Мирбек Мамбеталиев АКИpress агенттигине берген интервьюсунда билдирди. Мамбеталиевдин айтымында, «Кыргыз Маданият Сервис» күчтүү техникалык базага ээ.