Ошто Алишер Навоийге эстелик орнотулду
Ош шаарында Алишер Навоиго эстеликтин салтанаттуу ачылышы болуп өттү, бул тууралуу жергиликтүү мэриядан маалымат берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев, президенттин өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаардык кенешинин төрагасы Болот Баетов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, ошондой эле Өзбекстандан келген делегация, маданият министри Озодбек Назарбеков жана Андижан облусунун хокими Шухрат Абдурахманов, жергиликтүү тургундар