Адам укуктары боюнча документалдык фильмдер фестивалы Бишкекте өтөт
12-декабрдан 16-декабрга чейин Бишкекте адам укуктарына арналган XIX Эл аралык документалдык фильмдер фестивалы өтөт, анын девизи «Кризистик убакта туруктуулук». Бул тууралуу «Бир Дуйно Кыргызстан» коомдук бирикмеси маалымдады. Фестивалдын алкагында ар түрдүү өлкөлөрдөн, анын ичинде ТМД, АКШ, Германия жана Жаңы Зеландиядан 22 документалдык фильм көрсөтүлөт.