Рейстердин жокко чыгарылышы жана кечиктирилишинен себеп болгон туман Ош, Манас, Раззаков жана Баткенде байкалууда.
Маалымат кызматында Ошто аба ырайы акырындык менен жакшырып жатканын жана жакында рейстер кабыл алына баштай турганын белгилешти.

Ошондой эле, Бишкек - Москва рейси "Ковёр" операциясы алкагында орус аэропорту учактарды кабыл ала албагандыктан жокко чыгарылганын белгилеп өтүү керек. Пассажирлер учурда мейманканада жайгаштырылып, учуу кезегин күтүп жатышат.