Министрлик маданияттын кызматкерлеринин арасында спорттук мелдештерди өткөрдү. Жыйынтыктар
31-октябрда, Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата, Маданият министрлиги маданий мекемелердин кызматкерлерине арналган волейбол жана футбол боюнча спорттук мелдештерди уюштурду. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мелдештерге 24 команда катышты: алардын 14ү эркектердин футбол командалары, 10у болсо аялдардын волейбол командалары.