Бишкек шаардык мэриясы транспорт каражаттарын сатуу боюнча аукцион өткөрөт
Бишкек шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы мэрияга таандык транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөөрү тууралуу жарыялады. Пресс-кызматтын маалыматы боюнча, аукцион 13-мартта, саат 10:00дө, Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246 дарегинде өтөт жана 77 лотту камтыйт. Аукционго катышуу үчүн потенциалдуу сатып алуучулар лот номерин көрсөтүп, жазуу түрүндө арыз бериши керек, ошондой эле жеке жактыгын тастыктаган документтерди жана кепилдик жарнасынын (баштапкы баанын 10%ын түзөт)