Комитет Бакетаевдин Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагалыгына талапкерлигин жактырды
Жогорку Кенештин финансылар, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети Алмаз Бакетаевдин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагалыгына кандидатурасы боюнча оң жыйынтык берди. Белгилей кетсек, Алмаз Бакетаев буга чейин финансылар министри болуп иштеген.