Узбекистанда педофилия үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу киргизилет
«Узбекистан-2030» стратегиясынын алкагында президент Шавкат Мирзиёев приоритеттүү реформалар жана 2026-жылга мамлекеттик программа боюнча долбоорлор менен таанышып чыкты. Бул тууралуу «Politik Центральная Азия» телеграм-каналы маалымдады. Президент аялдар жана балдарга карата зомбулук үчүн жазаларды катуулатуу чараларын колдоду, анын ичинде педофилия кылгандар үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу киргизүүнү.