
Регулятор белгисиз адамдарга акча которуудан качууну сунуштайт
Улуттук банктын маалыматына ылайык, алдамчылар өздөрүн банк кызматкерлери катары тааныштырган бойдон мессенджерлер аркылуу билдирүүлөрдү жиберишет. Алар жарандарды өз атына акча которуу келип түшкөнү тууралуу маалымдап, бирок акчаны алуу үчүн комиссия төлөөнү талап кылышат.
Билдирүүдө: «Мындай телефон чалууларына жана билдирүүлөргө ишенбеңиздер, ошондой эле эч кандай учурда белгисиз адамдарга акча жибербеңиздер. Эгерде сизде күмөн болсо, маалыматты расмий каналдар аркылуу текшериңиздер» деп баса белгиленет.
Улуттук банк жарандарды чалуу жүргүзбөйт, кызматкерлеринин күбөлүктөрүн жибербейт, акча которууну талап кылбайт жана жеке адамдар менен операцияларды, анын ичинде эсептерди ачуу жана насыя берүү иштерин жүргүзбөйт деп тактайт.
«Эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калганын түшүнсөңүз, дароо банк картанызды блоктоп, укук коргоо органдарына кайрылыңыз», — деп кошумчалашты регулятордо.
Сүрөт www