Ошто «Бир келип кетчи Ош жакка» спектаклинин премьерасы өттү
14-февралда Ош мамлекеттик драма театрынын Султан Ибраимов атындагы сахнасында «Бир келип кетчи Ош жакка» («Приезжай хотя бы раз в Ош») спектаклинин премьерасы болуп өттү. Бул окуя, туулган шаарга болгон сүйүү, тагдыр жана эстелик тууралуу маанилүү сүйлөшүүнүн улантуусу болду, деп билдирет КРнын Маданият министрлигинин басма сөз кызматы. Сүрөт КРнын Маданият министрлиги тарабынан берилген. Кеченин ачылышы Чингиз Айтматовдун бюстун орнотуудан башталды