Бишкекте бетон аралашмаларын өндүрүүчү завод текшерилди
Текшерүү процессинде эксперттер техникалык жана технологиялык документацияны талдап, өндүрүш лабораториясынын ишин баалап, бетон аралашмалары даярдалган шарттарды карашты. Инспекциянын жыйынтыгы боюнча бир катар бузулуулар аныкталды. Заводдун жетекчилигине аларды жоюу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленди, андан кийин кайра текшерүү пландалууда.