
Медербек Кыдырмаев борбордогу курулуш чектөөлөрү тууралуу
Бишкекте бийик имараттарды куруу боюнча амбициялуу пландар талкууланууда — куруучулар 30 кабатка чейин үйлөрдү курууну көздөшкөн. Бирок, учурдагы генпланга ылайык, уруксат берилген кабаттар 9-14 кабат менен чектелген. Бул тууралуу шаардык башкы архитектор Медербек Кыдырмаев "Кабар" программасында билдирген.
Ал: "Бизге курулуш компаниялары жана инвесторлор кайрылышкан. Бирок жаңы генпланга ылайык, имараттардын кабаттары так белгиленген", — деп кошумчалады.
Сүрөт www