Кыргызстанда бир аптасында 15 миң 869 ОРВИ жана грипп учурлары катталды
12-январдан 18-январга чейин Кыргызстанда 15 869 жаңы ОРВИ жана грипп учурлары катталды. Бул өткөн жумага салыштырмалуу 28,8% көп, деп билдирет Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти. Эпидемиологдордун маалыматына ылайык, абал көзөмөлдө.