
Валентино Гаравани 19-январда Римдеги резиденциясында жакындарынын курчоосунда дүйнөдөн кайтты. Жолтоо церемониясы 21 жана 22-январда Миньянелли аянтында өтөт, ал эми жерге берүү жума күнү, жергиликтүү убакыт боюнча 11:00дө, Санта-Мария-дельи-Анджели-э-дей-Мартири базиликасында болот.
Модельер 1932-жылдын 11-майында Италиянын түндүгүндөгү Вогере шаарында төрөлгөн. 17 жашында Парижге көркөм искусстволор мектебинде жана жогорку мода синдикатында окуу үчүн көчүп кеткен. 1960-жылы Гаравани Римге кайтып келип, бир жылдан кийин Джанкарло Джамметти менен биргеликте өзүнүн мода үйүн негиздеген.
Эл аралык заказдар үчүн жол ачкан биринчи ийгиликтүү көрсөтүү 1962-жылы Флоренцияда өттү. Кутюрье үчүн биринчи кардарлардын бири Жаклин Кеннеди болду, ал 1964-жылы күйөөсү, АКШнын президенти Жон Кеннединин аза күтүү үчүн алты көйнөк заказ кылган.
1998-жылы Гаравани жана Джанкарло Джамметти Valentino брендин италиялык конгломерат HdPга 300 миллион долларга сатышкан, ал эми 2002-жылы маркага укуктар Marzotto Appareli компаниясы тарабынан сатып алынган. 2007-жылы модельер Париждеги акыркы көрсөтүүсүнөн кийин карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады.