ЖК комитети үчүнчү окууда талапкердин агитация менен байланышпаган шайлоо кампаниясында өспүрүмдөрдүн иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдарды караган комитети 13-январда «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап бүттү. Бул мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастан Бекешев болуп саналат. Анын сунушунда жаш өспүрүмдөрдүн талапкерлердин шайлоо кампанияларына катышуусуна мүмкүнчүлүк берилет, бирок бул катышуу агитациялык ишмердик менен байланышпашы керек. Киргизилген