
Кошумча 1,79 миллион доллар грант түрүндө бөлүнөт
Жогорку Кенештин агрардык саясат, суу ресурстары жана экологияны коргоо боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстанга жапайы жаныбарларды мониторинг жүргүзүү үчүн 30 миллион доллар кредит берүү тууралуу маалымат берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча орун басар министр Жаныбек Керималиев долбоордун максаты калктын жана жаныбарлардын ден соолугун жакшыртуу, ошондой эле өлкөдөгү экологияны коргоо экенин белгиледи.
Каржылар "Бирдиктүү ден соолук" программасынын алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнөт. Кредит 50 жылга 0% жылдык пайыз менен 10 жылдык жеңилдик мезгили менен берилет, ошондой эле 1,79 миллион доллар грант каралган.
Эки жаңы ветеринардык лаборатория куруу, алты бар лабораторияны модернизациялоо жана эки мобилдик лаборатория сатып алуу пландалууда. Чек аралар бойунча 40 ветеринардык көзөмөл пункту орнотулат, ал эми 78 мал базары жаңыланган ветеринардык-санитардык лабораториялар менен камсыз кылынат. Мындан тышкары, райондук ветеринардык бөлүмдөр жана келечектеги ветеринарлар үчүн окуу базалары зарыл жабдыктар менен камсыздалат. Долбоордун алкагында бруцеллезге каршы вакциналар, 32 пикап жана 22 мини-трактор сатып алынат, ошондой эле жапайы жаныбарларды реабилитациялоо үчүн жети облустук борбор түзүлөт.
Бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгү дагы эки башка министрликке багытталат.
Комитет долбоорду талкуудан кийин биринчи окууда бекитти.
Сүрөт www