
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринария, мал чарбачылыгын, жайыттарды жана азыктарды өнүктүрүү кызматынын орун басары Бакыт Шарапов 2025-жылы ветеринардык иш-чаралар 25 миллион 546 миң баш малды камтыганын билдирди. Бул маалымат Биринчи радиодо айтылды.
Шарапов жалпы малдын 23 миллион 537 миңи профилактикалык эмдөөлөрдү алганын, ал эми 12 миллион 17 миңи диагностикадан өткөнүн тактады. Мындан тышкары, 738 миң мал паразиттерге каршы иштелип чыккан.
Анын айтымында, пландалган көрсөткүчтөр 104 пайызга аткарылган.
Ошондой эле, инфекциялык оорулардын жайылышын алдын алуу үчүн мал чарба базарларында катуу ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
«Ветеринардык адистер базарларга жана союу пункттарына кирген малды үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турушат. Ар бир сатып алуучу сатуучудан ветеринардык сертификат талап кылууга укуктуу, ал сертификат контролдонгонун тастыкташы керек», - деп кошумчалады ал.