
Биринчи меморандум Бишкектеги «Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) үчүн IT Lab түзүү» долбоорун ишке ашырууга байланыштуу.
Экинчи меморандум Баткен облусунун Лейлек районундагы «Жалпы практикалык медицина борборунун (ЦОВП) техникалык базасын жана инфраструктурасын жакшыртуу» долбоорун камтыйт.
Ар бир долбоор үчүн Индия тарап 126 миллион 600 миң сомдук грант бөлөт, бул өлкөдөгү билим берүү жана медицина инфраструктурасын өнүктүрүүгө жардам берет.

Индия тараптан документтерди кол койгон элчи Бирендер Сингх Ядав, ал эми Кыргызстан тараптан меморандумдарды экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков, илим жана жогорку билим берүү министри Бактияр Орозов (КЭУ үчүн IT Lab долбоору боюнча) жана Баткен облусундагы президенттин өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков (Лейлек районунун ЦОВП долбоору боюнча) кол коюшту.