
«Кыргыз Республикасында суу пайдаланууга уруксат системасын киргизүү» долбоорун баштоо боюнча макулдашууга Швейцария жана Кыргызстан өкмөттөрү кол коюшту, деп билдирди швейцария элчилигинин басма сөз кызматы.
Бул долбоорду ишке ашырууга 2,2 миллион швейцария франкы бөлүнөт, бул 2,7 миллион доллардан ашык суммага барабар. Бул каражаттар өлкөдөгү суу ресурстарын туруктуу жана рационалдуу пайдаланууга колдоо көрсөтүүгө багытталат.
Аталган долбоор жакында кабыл алынган Суу кодексине ылайык келет, ал уруксат системасын суу ресурстарын башкарууну жөнгө салуунун негизги куралы катары белгилейт.
Швейцария Кыргызстан өкмөтүнө ушул системаны киргизүү үчүн нормативдик базаны түзүүгө жардам берүүнү пландаштырууда. Натыйжада суу башкаруу органдары милдеттүү стандарттарды жана нормаларды белгилеп, суу пайдаланучулардын бул талаптарды сактоосун көзөмөлдөй алышат. Мындай система суу ресурстарын эффективдүү эсепке алууну камсыздайт.
Долбоорду ишке ашыруу 2025-2028-жылдар аралыгында пландалууда.