2015-жылдын 15-январынан баштап кыргыз жарандары жана Кыргыз Республикасында туруу уруксаты бар чет элдик жарандар Чеш Республикасына баруу үчүн Швейцариянын Бишкектеги Элчилигине шенген визасын алуу үчүн арыз бере алышат.
Швейцариянын Бишкектеги Элчилиги 90 күнгө чейин гана кыска мөөнөттүү визалар үчүн арыздарды кабыл алууга укуктуу. Улуттук виза алуу үчүн арыздар Казакстандагы Чеш Республикасынын Элчилигине берилүүгө тийиш.
Бардык арыз берүүчүлөр Швейцариянын Элчилигине жеке өзү арыз бериши керек, анткени ар бир арыз берүүчүнүн биометрикалык маалыматы талап кылынат. Шенген визалык маалымат системасы визалык процедураларды жеңилдетүүгө, шенген аймагынын тышкы чек ара өткөрмө пункттарында текшерүүлөрдү жеңилдетүүгө жана виза ээлеринин коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө Швейцариянын Бишкектеги Элчилиги Швейцария, Польша, Словения, Эстония жана Латвияга визаларды берет.
Жогоруда аталган өлкөлөргө баруу үчүн Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын Элчилигине жеке арыз берүү керек, дареги: Бишкек ш., Эркиндик бульвары 21, 11-кабат.
Толук маалыматты төмөнкү сайттан таба аласыз: www.eda.admin.ch/bishkek
Сураныч, маалымат үчүн телефон аркылуу (0312) 301036 же электрондук почта аркылуу: [email protected] байланышыңыз.