
Чубак Сатаев атындагы коомдук фонд жана Sanat.KG журналы 29-декабрда «Эң жакшы Кыргызстан – 2014» сыйлыктарын тапшыруу салтанатын өткөрүштү.
Ошентип, «Кыргыз бий» долбоорунун чыгармачылык тобу продюсер Рысбек Жабировдун жетекчилиги менен «Жылдын эң жакшы маданий долбоору» деп таанылды.

Долбоордун авторлору кыргыз маданиятын өнүктүрүүгө жана улуттук бийди популяризациялоого кошкон чоң салымы үчүн диплом жана статуэтка менен сыйланышты. Сыйлык «Кыргыз бийи» видеоклибин тарткан режиссер Суйун Откеевге тапшырылды.
«Кыргыз бийи» улуттук бийлерди жандандырууга, бий салттарын сактоого, популяризациялоого жана өнүктүрүүгө багытталган «Кыргыз бий» долбоорунун чыгармачылык продукты болуп саналат. Идеянын автору Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, ал ушул долбоорду толугу менен колдоду.
Долбоорду таланттуу режиссер жана продюсер Рысбек Жабиров жетектеди. Атактуу сөз устаты Кыялбек Урмамбетов ырдын текстин жазды, Азамат Отунчиев жана Мирлан Ниязов музыка жана аранжировка боюнча иштешти. Бийди коюу Кытайдын Эл артисти Бахтияр Мурат уулуна таандык, ал жерде кыргызстандыктар мастер-класстарды алышты. Эскерте кетүүчү нерсе, кыргыз бийинин түпкү элементтери Кытайда жашаган этникалык кыргыздарда сакталган. Видеоклиптин тартылышына Кыргызстандагы жети облуста 300гө жакын кыздар жана жигиттер тартылды, алардын арасында Кытайдан бийчилер болду.

Бул жылы «Кыргыз бийи» жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө жана популярдуулугуна ээ болуп, жандандырылган кыргыз бийи жана ыр маданияттын өнүгүүсүнө салым кошуп, республика үчүн чыныгы мураска айланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, бир нече массалык маалымат каражаттарынын таанылышы, «Кыргыз бийи» долбоорунун чыгармачылык продукты Султан Садыралиевдин «эң жакшы» деп аталгандыгы күбөлөндүрөт.
Октябрда «Назик» бий тобу кыргыз элдик бийлеринин эл аралык конкурсу-фестивалында жеңүүчү болуп, Гран-принин ээси болду. «Назик» үч ай бою долбоордо иштеп, «Кыргыз бийи» ырын аткарышты.

Эзиз: Баракелде
 
           
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
  