Жаңы чечимге ылайык, Транспорт жана байланыш министрлиги төмөнкү каражаттарды алат:
- 4,6 миллион сом автомобиль жолдорунун санариптик картасын түзүүнүн биринчи этапын ишке ашыруу үчүн;
- 7,9 миллион сом Кытай менен өнөктөштүктө E-Permit системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн.
Бул долбоорлорду Транспорт жана байланыш министрлиги жүзөгө ашырат.
Санариптик карта өлкөдөгү бардык автотрассалар боюнча маалыматтарды чогултуунун бирдиктүү форматтарын сунуштайт, анын ичинде узундугу, жабуунун абалы, оңдолгон участоктор жана каржылоо боюнча маалыматтар. Бул жолдордун курулуш иштерин пландаштырууну жана көзөмөлдөөнү кыйла жеңилдетет, системанын ачык-айкындуулугун жогорулатат жана жарандарга жолдордун абалы боюнча актуалдуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет.
E-Permit, Electronic Permit деп аталган, эл аралык жүк ташуулар үчүн уруксаттарды берүү жана текшерүү процессин автоматташтырган электрондук платформа. Бул система кагаз документтерди алмаштырат, чек арадан өтүү процессин тездетет жана Кыргызстандын жана Кытайдын транспорттук ведомстволорунун ортосунда реалдуу убакытта маалымат алмашууну камсыз кылат.